Көк бөрү: Жогорку Лигада 3-орунду "Биримдик" командасы ээледи

Бүгүн, 8-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 9-Май - Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин Жогорку Лигасында 3-орунду "Биримдик" командасы жеңип алды.

Жогорку Лиганын 3-орун үчүн беттеште "Биримдик" командасы "Четинди" менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө "Биримдик" командасынын улакчылары атаандашынын тай казанына 8 улак таштаса, "Четинди" командасы 1 гана улак таштаганга үлгүрдү.

Муну менен "Биримдик" командасы коло медалдарга ээ болуп, 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми 4-орунду ээлеген "Четинди" 50 миң сом сыйлыкка ээ болду.

Эскерте кетсек, эртең, 9-майда Жогорку жана Биринчи Лигалардын финалдык беттештери орун алмакчы. Анда Жогорку Лигада "Ынтымак" менен "Достук" командалары кез келишсе, Биринчи Лигада "Толкун" менен "Сары-Өзөн" командасы беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
egiz-jigit
2018-05-08 16:57:22
8:2 деп атбады беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан