ЖЫЛНААМА, 9-МАЙ: Бир эле тасмада жырткычтын жана учкучтун ролун жараткан америкалык актёр Кевин Питер Холл көзү тирүү болгондо 63 жашка толмок

Бүгүн "Жырткыч 1-2" ("Хищник 1-2"), "Гарри жана Хендерссондор" ("Гарри и Хендерссоны") жана башка тасмалардагы ролу менен белгилүү болгон америкалык актёр Кевин Питер Холл көзү тирүү болгондо 63 жашка толмок.

Ал 1955-жылы 9-майда АКШнын Пенсильвания штатындагы Питтсбург шаарында жарык дүйнөгө келген. Кичине кезинде бою узун болгондуктан келечекте спортчу болгусу келген. Ал орто мектепте окуп жүргөндө баскетбол курама командасынын мыкты оюнчусу аталып, Жорж Вашингтон атындагы университетте окууга стипендия алат. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Венесуэлага баскетбол ойноо үчүн келет. Бирок 1 жылдан кийин оюнга болгон кызыгуусу жоголот.

Актёр катары 1979-жылы "Пророчество" тасмасында эпизоддук ролду жаратат. Ушундан кийин "Гарри жана Хендерсондор", "Жырткыч 1-2" тасмаларында роль жаратып, атактуулукка жеткен.

"Жырткыч" тасмасындагы башкы каармандын ролун актёр Жан-Клод Ван Дамм жаратмак. Бирок режиссёрлор жырткычтын ролун жарата турган адамдын бою 183 сантиметрден жогору болуш керек деп Кевин Питер Холлду чакырган. Ушул эле тасманын аягында актёр учкучтун ролун жараткан.

Актёрдун бою 2 метр 20 сантиметр болгондуктан тасмаларда колдойгон түрү суук кейипкердин образын ачып берүүгө көп чакыруу алчу. Мисалы, "Гарри жана Хендерссондор" тасмасында маймылдын образын ачып берген.

1988-жылы атактуу актёр өзүнөн 9 жаш кичүү америкалык актриса Алайна Рид Холлго үйлөнөт. Түгөйлөр 3 жыл чогуу түтүн булатып, 2 балалуу болушкан.

1990-жылы эл сүймөнчүгүнө айланган кино жылдыз Лос-Анжелесте жол кырсыгына кабылат. Оор жаракаттан улам ага тез аранын ичинде операция жасаш керек болуп, кан куюлган. Бирок куюлган кандан ВИЧ-инфекциясы жугуп калат. Андан көп узабай эле ВИЧ-инфекциясы өрчүп, СПИД илдети менен жабыркап, 1991-жылы 10-апрелде көз жумган. Жергиликтүү басылмалардын маалыматында актёр өтүшүп кеткен пневмония дартынан каза болгондугу жазылган.

9-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан