"Люк Кейж", "Жессика Жонс", "Темир муштум", "Коргоочулар" жана башка бир топ белгилүү Голливуд тасмаларында роль жараткан америкалык актриса Розарио Доусон 39 жашка чыкты. Актриса 1979-жылы 9-майда АКШнын Нью-Йорк шаарында туулган.
Доусондун апасы Изабель Целесте ырчы болсо, атасы Патрик Харрис кызы кичинекей кезинде эле үй-бүлөсүн таштап кетет. Ал куруучу болуп иштеген өгөй атасы Грег Доусонду "ата" деп, анын фамилиясын алган. Актриса үй-бүлөсү жетишсиз жашоодо жашагандыктан, кээде үйдүн ижара акысын төлөй албай калган күндөрү кездешкендигин айтып келет.
Розарио Доусондун өзүнүн айтымында, турмуш-шартынын оор болгонуна карабай, жашоого болгон көз карашын өзгөртпөстөн ар дайым алдыга умтулуудан артка кайтчу эмес. Өспүрүм кезинде достору менен көп сейилдечү. Ошол күндөрү 15 жаштагы кызды белгилүү режиссёр Ларри Кларк байкап, "Өспүрүмдөр" аталышындагы тасмасына тарткан. Анда жаш актриса баңгизатын колдонуп, эрте жетилген кыздын ролун жараткан. Фильм сынчылар тарабынан катуу сынга алынып, ошону менен катар Доусондун актёрлук чеберчилигине баа беришкен.
Окууну аяктаган соң актёрлук жааттан билим алып, башка тасмаларда да роль жаратып, эл оозуна алына баштаган. Анын ар бир ролу көрүүчүнүн купулуна толуп, чыныгы таланттуу актрисалардын катарына кошулган.
Актрисанын жеке жашоосу тууралуу ар кандай кептер айтылып келет. Алгач аны "Чоң шаардагы секс" тасмасында роль жараткан Жейсон Льюис менен жакын мамиледе болгон деген кептер тараса, кийинчерээк рэпер Jay-Z менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн деген сөз чыккан. Ал эми 2016-жылы Эрик Андре деген куудул менен таанышып, 2017-жылдын февраль айында мамилелерин ачыкка чыгарышкан.
9-майдын жылнаамасы.