Көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалына кирүү акысы 200 сомду түзөт

Эртең, 9-майда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Жеңиш күнүнө арналган улуттук ат оюндар боюнча республикалык мелдешке кирүү акысы 200 сомду түзөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына улуттук оюндар боюнча дирекциясынан билдирди.

Маалым болгондой, эртең ат майданда орун ала турган мелдеште, эр эңиш, көк бөрү, ат чабыш жана салбуурун боюнча финалдык беттештер өтөт.

Дирекциядан билдиргендей, көрүүчүлөргө ат майданга кирүү акысы 200 сомду түзөт.

9-майда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган мелдештердин тизмеси:

09:00-10:00 - Эр эңиш боюнча финалдык беттештер;

10:00-11:30 - Көк бөрү боюнча Биринчи Лигадагы финалдык беттеш;

11:30-12:30 - Салбуурун боюнча финалдык мелдеш;

12:30-13:00 - Ачылыш аземи;

13:00-14:30 - Көк бөрү боюнча Жогорку Лигадагы финалдык беттеш;

14:30-15:00 - Көк бөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи;

14:30-17:30 - Ат чабыш боюнча мелдеш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан