ЖЫЛНААМА, 9-МАЙ: Театрга 15 жашында жумушка алынган белгилүү акын Жеңишбек Жумакадыр 41 жашка чыкты

Заманыбыздын белгилүү төкмө акындарынын бири Жеңишбек Жумакадыр Нарын районунун Эмгекчил айылында 1977-жылы 9-майда төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө эле ыр жазчу. 7 жашында атасы каза болуп, чоң атасынан тарбия алган. Чоң атасы акынды 9-классты аяктагандан кийин Нарындагы ПТУга окууга тапшырткан. Эки ай окугандан кийин обончу Керезбек Тургуналиевди жолуктуруп, аны менен Нарын театрына барып ырдап, театрдагыларга жагып, 15 жашында паспортунун жоктугуна карабай келишимдик негизде жумушка орношкон.

СССРдин Эл артисти Капар Медетбеков баштаган Сейитказы Андабеков, Бакирдин Алиев өңдүү залкарлардын мектебинен өткөн. Жеңишбек Жумакадыр төкмө акындык өнөрүн алгачкы жолу 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн бир жылдыгына арналган, Бишкектеги аскерлер арасында чыгармачылык жарышында билген. Ал жарышта баш байгени жеңип алган.

Ошол эле жылы бир айдан кийин Бишкекке айтышка Табылды Актанов менен келип, айтыштан биринчи орунду ээлеген. Андан кийинки ири айтыштарда баш байгелерди алып, бат эле элге комузу жок жөө акын катары таанылган. Андан соң Ашыраалы Айталиев өзүнүн комузун карматып, Ташкентке Тууганбай Абдиев менен кошуп жиберген. Ошондон баштап комуз менен ырдап калган. Акын Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку окуу жайын бүтүргөн. Жеңишбек Жумакадыр актёрлук кесипке ээ болгону менен Хан Жантайдын ролун гана ойногон.

"1994-жылы Нарын театры Кочкор, Жумгал, Токтогул аркылуу Ош шаарларын кыдырып концерт бермей болду. Алдын ала уюштуруу иштерин Кубан Алимов экөөбүзгө тапшырышкан. Командировкага берген акчаны жок кылып коюп, экөөбүз урушуп баштадык. Вокзалга келсек Кочкорго автобус туруптур, Кубан «байкелер, биздин акчабыз жок, ала кеткиле» деп бир нерселерди айтып күлдүрдү. Мен дагы айдоочуга жамактап тийишип койдум эле, макул деп салып алышты. Ичинде эки кыз өзүнчө отуруптур. Кубан аларга тийишип баштаганда «бул жигиттин аялы, эгиз кызы бар, мен бойдокмун» деп кыздардын жанына отуруп алдым. Жанымдагы кыз жумгалдык экен. "Гастролго кетип жатабыз, мен сени Нарындан таап алам" деп тамашалап, дарегин алып калдым. Ошентип гастролдор бүтүп Нарынга келип айткан сөзүмө туруп болочоктогу келинчегимди издеп таап, 17 жашымда үйлөндүм", - деп акындын айтканы бар.
Төкмө акын 2016-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" деген наам алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nargiz94
2018-05-09 01:25:09
Бугун Жениш аттуулардын туулган кундору турбайбы.
Женишбек байке туулган кунунуз менен! Аллахым эки дуйнодогу бакытты насип кылып, омурунуз узун болсун!!!
Талантын аябай сыйлайм, жамагын уккандан тажабайм.
+2
Burubek
2018-05-09 06:34:30
Аябай Шуртрий болгонго байкебиз ))
0
moskoy
2018-05-09 22:23:44
Туулган кунун кут болсун болсун ,уй-булоон менен бактылуу,омурлуу бол балам.Кыргыздын кылыч тилдуу патриот уулу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан