Чолпон-Ата шаарында кикбокс боюнча Азия чемпиондугунун ачылыш аземи орун алды

Бүгүн, 8-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде кикбокс боюнча Азия чемпиондугунун ачылыш аземи орун алды.

Азиянын 14 өлкөсүнөн 300гө жакын спортчу келген чемпиондуктун ачылыш аземинде Азиянын кикбокс федерациясынын президенти Насер Нассири, Кыргыз Республикасынын кикбокс федерациясынын президенти Александр Воинов жана Кыргыз Республикасынын К-1 боюнча федерациясынын президенти Курсан Асанов катышты.

Эске салсак, Азия биринчилигинде спортчулар лоу-кик, фулл-контакт, К-1, кик-лайт, пойнт-файтинг жана лайт-контакт категорияларында күч сынашууда. Спортчулар Иран, Ирак, Пакистан, Сирия, Таиланд, Малайзия, Тайбэй, Бириккен Араб Эмираттары, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан