9-май күнү чыгармачыл, абдан кыялкеч букачарлар төрөлүшөт. Көпчүлүгү артист, музыкант, сүрөтчү, архитектор, жазуучу, режиссёр, ойлоп табуучулукка шыктуу, ийгиликке жетүүнү жана акча чогултканды билген адамдар. Кемчилиги: абдан ачуулуу жана аны жашыра алышпайт. Ачуусу келгенде мушташып, кол көтөрүп, чындыкты далилдөө үчүн өзүн урганга чейин барышат. Ал мындай оор мүнөзү менен өзүнө душман ашырып алышы мүмкүн.
Бул күнү төрөлгөн букачарлар сабырдуулукка, чыдамкайлыкка үйрөнүүсү керектелет. Ал эми жумушунда туруктуу жана жардамын эч кимден аябаган кызматкер боло алышат. Пландаганды жаман көрүшөт. Адатта 9-май күнү төрөлгөндөр фантастикалык кыялдар менен өмүр бою жашаганга деле ыраазы. Эгер кыялы орундалбаса, “демек, жашоо кандай болсо, аны ошондой кабыл алышыбыз керек” деген философиялык көз карашты тутунушат.