Кыргыз мушкерлер Азербайжанда өтө турган бокс боюнча эл аралык мелдешке катышат

Кыргыз мушкерлер Азербайжанда өтө турган бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Баку шаарында "Гейдар Алиевдин кубогу" деген аталыштагы мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 9 спортчу катышат. Аталган мелдеш 10-15-май аралыгында өтүп, ага КМШ өлкөлөрүнөн 250гө жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

46 килограммга чейинки салмак ченинде: Бактыбек Садырбек уулу - спорт чеберине талапкер;

48 килограммга чейинки салмак ченинде: Ихтияр Нишанов - спорт чеберине талапкер;

50 килограммга чейинки салмак ченинде: Максат Жусупов - спорт чеберине талапкер;

54 килограммга чейинки салмак ченинде: Азат Кубатов - спорт чеберине талапкер;

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Сагын Сатыбалды уулу - спорт чеберине талапкер;

63 килограммга чейинки салмак ченинде: Азат Марат уулу - спорт чеберине талапкер;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Мухамед Багиев - спорт чеберине талапкер;

70 килограммга чейинки салмак ченинде: Мухамед Киязов - спорт чеберине талапкер;

80 килограммга чейинки салмак ченинде: Халид Алиев - спорт чеберине талапкер;

Машыктыруучу: Улан Толонбай уулу

Ага машыктыруучу: Данияр Тологон уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monster_high_98
2018-05-09 00:10:16
Ийгилик гана каалап калам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан