Көк бөрү: "Сары-Өзөн" командасы Биринчи Лиганын жеңүүчүсү аталды

Бүгүн, 9-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин Биринчи Лигасынын жеңүүчүсү "Сары-Өзөн" командасы болду.

Биринчи Лиганын мыкты командалары күч сынашкан беттештин жүрүшүндө "Сары-Өзөн" командасы атаандашынын тай казанына 7 улак таштаса, "Толкун" командасы 2 улак таштаганга үлгүрдү.

Муну менен "Сары-Өзөн" командасы 7:2 эсебинде жеңүүчү аталып, 200 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми 2-орунду ээлеген "Толкун" командасы 100 миң сом жеңди.

Эске салсак, Биринчи Лигада жалпы 6 команда катышкан. Алар 2 тайпага бөлүнүп айлампа түрүндө беттештерди өткөрдү. 3 күндүк беттештердин жыйынтыгында финалга "Толкун" менен "Сары-Өзөн" командалары аттанган.

"Сары-Өзөн" командасы "А" тайпасында "Көк-Жал" командасын 4:2 эсебинде жана "Жаш-Күч" командасын 12:0 эсебинде утуп алган.

"Толкун" командасы "Б" тайпасында "Жаш-Тилек" командасын 8:4 эсебинде жана "Аафият" командасын 3:2 эсебинде жеңген.

Айта кетсек, бүгүн Жогорку Лиганын финалдык беттеши орун алат. Анда "Достук" менен "Ынтымак" командалары күч сынашмакчы. Ал эми бул лигада 3-орунду "Биримдик" командасы утуп алса, 4-орунда "Четинди" командасы жайгашты.

Жогорку Лиганын финалдык беттеши саат 13:00дө орун алмакчы.

Манас Ниязов көк бөрүдөн "Достукка" жеңиш алып келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
FCB14
2018-05-09 12:22:59
Достукка Ийгилик
+3
urmat94
2018-05-09 12:52:42
Туз алып берсе жакшы болот эле озу
+3
umar.kgz
2018-05-09 12:55:06
Достук уткула.....
+2
jemile
2018-05-09 14:10:04
"КТРК спорт" деген неме көк бөрүнү түз алып бере албаса ииии...
-1
jemile
2018-05-09 14:10:18
Аябай күтүп атса...
0
Topchu83
2018-05-09 14:24:38
ктрк спортко нааразы болуп кетесин мамлекеттеги эн негизги спорт оюндарын алым бере албайт мисалы бугунку кок бору финалы, Бангладештеги волейбол боюнча зональный азия чемпионаты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан