Бүгүн көк бөрү боюнча мелдештин алкагында "Достук" менен "Ынтымак" командалары 1-орун үчүн күч сынашат

Бүгүн, 9-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин Жогорку Лигасынын финалында "Достук" менен "Ынтымак" командалары кез келет.

Эске салсак, Жеңиш күнүнө арналган мелдеште көк бөрү федерациясы өлкөнүн мыкты 4 командасын Жогорку Лигага бөлгөн. Ага Оштун "Достук", Таластын "Ынтымак", Чүйдүн "Биримдик" менен "Четинди" командалары кирген. Командалар алгач жарым финалдык беттештен күч сынашып баштап, "Достук" менен "Ынтымак" командалары атаандаштарын жеңген соң финалга аттанган. Ал эми жеңилүү ызасын тарткан "Биримдик" менен "Четинди" командалары кечээ, 8-майда 3-орун үчүн беттешип, анда "Биримдик" командасы жеңишке жеткен.

Андан тышкары, бул жылы алгачкы жолу Биринчи Лига түзүлүп, ага 6 команда кирген. Командалар 3 тайпага бөлүнүп айлампа түрүндө күч сынашкан. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында финалга "Сары-Өзөн" менен "Толкун" командалары аттанган.

Ошондой эле бүгүн Жеңиш күнүнө арналган мелдештин алкагында улуттук ат оюндар боюнча мелдештер өтөт. Анда спортчулар эр эңиш, ат чабыш жана салбуурун боюнча күч сынашат.

9-майда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган мелдештердин тизмеси:

09:00-10:00 - Эр эңиш боюнча финалдык беттештер;

10:00-11:30 - Көк бөрү боюнча Биринчи Лигадагы финалдык беттеш;

11:30-12:30 - Салбуурун боюнча финалдык мелдеш;

12:30-13:00 - Ачылыш аземи;

13:00-14:30 - Көк бөрү боюнча Жогорку Лигадагы финалдык беттеш;

14:30-15:00 - Көк бөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи;

14:30-17:30 - Ат чабыш боюнча мелдеш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bek-94
2018-05-09 08:09:28
достук ийгилик калайбыз
+4
bayhan
2018-05-09 08:36:06
Күчтүүсү утсун экөөнө тең ийгилик.
+4
bayhan
2018-05-09 08:39:37
Биринчи лигада Сары-Өзөнгө ийгилик каалайм.
+1
jemile
2018-05-09 11:03:05
Достукта Манас, Ыртымакта Ахиллес... Ийгилик!!!
+3
Ibragim06
2018-05-09 14:07:03
Кайсы каналдан көрсөк болот түз эфирден
супер кг
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан