SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул ирет сынактан четтетилген чыгарманын ордуна ырчы Анжеликанын "Жаным сага баратам" видеокомпозициясы кошулду.
"Азыр мен "сүйүү - бул жаштар үчүн" дегендей эле ой жүгүртө баштадым. Ушундай бир курак болот окшойт. Эмнегедир сүйүү темасында ырдагым келбей жаткан, бирок ырдын клибинин сценарийи кызыктуу болгондуктан жумушту аягына чыгардым", - дейт ал.
2-МАЙДАН 9-МАЙГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Кенже Дүйшееванын аткаруусундагы "Апакем" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунда - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы жайгашкан.
8-орун - Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мени унут" чыгармасына буюрган.
7-орунду - Урмат менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы ээлеген.
6-орун - Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр, ай" чыгармасына буюрган.
5-орун - Самат Эркинбековдун "Той, той" чыгармасы мурунку аптадан 2 баскычка төмөндөгөн.
4-орунда - Чолпон Талипбектин аткаруусундагы "Ищу тебя" клиби орун алган.
3-орун - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы алдыңкы үчтүктөн орун алган.
2-орунда - Сайкал Садыбакасованын "Кыялымда жашайсың" чыгармасы жайгашкан.
1-орун - Мурунку жумада тизмеге жаңы кошулган ырчылар Эдил Мамтов менен Нурмат Садыровдун "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасы көрүүчүлөрдүн көп добушуна ээ болуп, апта жеңүүчүсү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызыга добуш берүү үчүн бул шилтемени басыңыз.