Кыргыздын улуттук тамак-аштарын, азык-түлүктөрүн Москвада дүкөн ачып сатып жатабыз деген ырчы жана актриса Алиша Диа өзүнүн чыгармачылыгындагы жаңылыктары, акыркы убактарда жасап жаткан иштери жана жолдошу менен ажырашуусунун себептери тууралуу SUPER TV'га маек берди.
"Мен алсыз адамдарды жаман көрөм. Өзүм да андай эмесмин. Чечкиндүүмүн десем болот. Кыйналып жашаганды каалабайм. Жолдошум экөөбүз 8 жыл мамиле куруп жүрсөк дагы, үйлөнгөндөн кийин 11 күн жашадык. Эгер адам менен тагдырың, түбөлүгүн бир болбосо, аны кыйнабай коё берип жибериш керек. Ал жакшы адам. Биздин ажырашуубуз - бул тагдыр экен", - деген ырчынын маегин толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, SUPER TV'дан көрүңүз.