Францияда дүйнөнүн мыкты тасмаларын аныктаган Канн фестивалы старт алды. Анда белгилүү Голливуд жылдыздары кооз кийимдери менен кызыл килемден өтүп, көпчүлүктү суктандырды.
21 тасманын ичинен мыктыларды аныктай турган калыстар тобунун башында Кейт Бланшетт турса, алып баруучулук милдетти француз актёру Эдуард Баэр моюнуна алган.
Жылдагыдан айырмаланып, быйыл 71-жолу өтүп жаткан фестивалга бир топ жаңы эрежелер киргизилген. Анда жылдыздар кызыл килемден өтүп жатканда селфи кылууга тыюу салынып, коноктордун коопсуздугу үчүн тартип сакчыларынын саны да көбөйтүлгөн.
Канн фестивалы 19-майда жыйынтыкталат. Фестиваль тууралуу толук маалыматты бул шилтеме аркылуу окуй аласыз.