Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан 26 казино аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигине кумар оюндарын ойноочу жайлар боюнча кайрылуулар келип түшүп, анда жарандар казиного үйлөрүн, унааларын жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын уттуруп жатышкандыгын билдиришкен. Аталган маалыматты ИИМдин жетекчилиги көзөмөлгө алып, бул багыт боюнча милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп башташкан. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан мыйзамсыз иштеген 26 кумаркана табылган. Оюн залдарынын бешөө Ленин районунан, тогузу Биринчи Май РИИБинен, калганы Октябрь жана Свердлов райондорунан табылган.
"Топтолгон материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда республиканын ар бир аймагында кумар оюндарын ойноотуучу көмүскө жайларды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Эске салсак, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имаратта мыйзамсыз иштеп жаткан кумаркана бар экени аныкталган. Ал эми ошол жерде ойногон оюнчулардын бири 4 сааттын ичинде 50 миң сом уттуруп жиберген. Ал эми дагы бир кумарканадан 500 миң сомго жакын акчасын уттурган Тимур аттуу мырза өзүнүн кантип алданып калганын SUPER.KG порталына айтып берген.