9-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдешти "Достук" командасы жеңип алды.
Жогорку Лиганын финалында Кыргыздын дөө-шаалары "Достук" менен "Ынтымак" командалары кез келди. Кызуу беттештин жүрүшүндө "Достук" командасынын мыкты оюнчусу Манас Ниязов чеберчилигин көрсөтүп 2 таймда "Ынтымактын" тай казанына 3 улак таштады. Ал эми "Ынтымак" командасы 3-таймдын алгачкы мүнөттөрүндө Чубак Нурмамбет уулунун улак таштоосу менен жооп кайтарса, 3-таймдын акыркы мүнөттөрүндө Азим Болот уулу эсепти 3:2 кылганга жетишти.
Муну менен Оштун "Достук" командасы Жогорку Лиганын жеңүүчүсү аталып, 400 миң сом байгеге ээ болду. Ал эми Таластын "Ынтымак" командасы 2-орунду ээлеп, 200 миң сомго ээ болду.
Иш-чарага президенттин ыйгарымдуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев жана көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Эске салсак, 8-майда Жогорку Лиганын 3-орун үчүн беттеши орун алган. Анда Чүйдүн 2 командасы кез келип, "Биримдик" командасы жеңишке жетсе, "Четинди" командасы 4-орунга ээ болгон.