Улуу Жеңишке 73 жыл: Атактуулар согушка катышкан жакындарын эскеришти

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленүүдө. Мындан улам президент баштаган бир топ шаар тургундары жана коноктору "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө чыгып, өздөрүнүн жакындарын, согушка катышкан чоң ата, таята, туугандарын эскеришти. Ал эми интернетте социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомчулукту Жеңиш күнү менен куттуктап, аны менен катар согушка катышкан жакындарын эскерген атактуулар да жок эмес.

Эстрада жылдызы Анжелика Бекболиева кыздары, апасы жана бир туугандары менен чоң атасы Кайрыйбек уулу Чукуштун сүрөтүн жөө жүрүшкө алып чыгып, аны менен сыймыктана тургандыгын жазган.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкая да жөө жүрүшкө чыккандардын катарын толуктап, социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөгөн.

Ал эми ырчы Добр чоң атасынын сүрөтүн жеке баракчасына жүктөп, "Чоң атам 1941-1943-жылдары Калининградда согушуп, оң колунан жарадар болуп кайткан. Ага окшоп Ата Мекенин коргогон ардагерлер эч качан унутулбайт!" - деген билдирүү калтырган.

Ырчы Неля Нуркулова таятасынын сүрөтүн коомчулукка жарыялап, аны менен сыймыктана тургандыгын жазган.

"Мен таятам Кошалиев Корчубек Осмонович менен аябай сыймыктанам! Ал 1924-жылы төрөлүп, 18 жашында Улуу Ата Мекендик согушка кетип, "Эрдик", "Даңк", "Күжүрмөн эмгек" медалдарынын ээси болгон. Каардуу жылдары кан майданда көрсөткөн эрдигине жана элге тынчтык тартуулоо үчүн кошкон салымына ыраазычылык билдирем. Сиз ар дайым менин жүрөгүмдөсүз", - деген ал.

Ошондой эле "тамашоучу" Актан Рыскелдиев да чоң атасынын сүрөтүн жеке баракчасына жүктөп, буларга токтолгон:

"Жеңиш үчүн рахмат! Чоң атам согушка барып, кайтпай калган экен. 1943-жылы Калининградда окко учуптур... Атын өчүрбөйлү деп, Рыскелдиев деген фамилияны алып жүрөбүз. Сыймыктанам! Эч ким, эч нерсе эч качан унутулбайт!"

Ал эми ырчы Ильяз Андаш согушка катышкан ардагерлердин тизмесин жарыялап, ал жактан кайтпай калган чоң атасы Андаш Султаналиев эч качан унутулбай тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ernic
2018-05-09 23:22:41
Анжелика деген ХХХХХХХХХХ Башка бардык жерде Анжелика.))
+1
bond02
2018-05-09 23:32:46
коч башында Анжелика го, башына эркектерден койсонор болбойбу?
0
rejepova
2018-05-10 01:17:46
Анжеликабы дагы!!!!!!
-1
Qwerty8800
2018-05-10 02:18:42
Ушул Эл биз бузулдук Анжелика бизге эмне кылды мынча жаман коргудой сага же элге эч кандай жамандыгы болбосо ушунчада ичинер тар болобу жакшы соз жазалбасанар жаман созда базбай калгылачы
0
Elnura1997
2018-05-10 05:54:15
Анжелика женишке канча жыл болгонун билбейт дагы сап башында журот инстаграммда 75 лет деп видео киргизиптир
+1
almanbetperm
2018-05-10 09:42:10
ХХХХ ХХХХХХХ
0
admin_superstan
2018-05-10 09:53:33
almanbetperm,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Далилсиз маалымат жазуудан алыс болуңуз! 10 күн БАНга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан