Белгилүү модель Миранда Керр менен миллиардер Эван Шпигель уулдуу болушту

Австралиялык белгилүү модель Миранда Керр менен SnapChat тиркемесинин негиздөөчүсү, миллиардер Эван Шпигель уулдуу болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, түгөйлөрдүн уулу 7-май күнү саат 23:53тө Лос-Анжелестеги төрөтканалардын биринде туулган. Ымыркайга Хартом деген ысым ыйгарышкан. Наристе Шпигелдин биринчи уулу болсо, Миранда Керрдин экинчи баласы. Тактап айтканда, модель буга чейин англиялык актёр Орландо Блумга турмушка чыгып, Флинн аттуу уулдуу болгон соң ажырашып кетишкен.

Белгилей кетсек, байлыгы 3 миллиард доллардан ашуун деп бааланган Шпигель менен Керр 2015-жылдан бери жакын мамиледе жүрүп, 2017-жылы баш кошушкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан