Кыргыз волейболчулары Орусияда өтө турган эл аралык мелдешке катышып, тайпалык баскычта Франция, Польша жана казакстандык спортчулар менен ойнойт

Кыргыз волейболчулары Орусияда өтө турган "Улуттар Кубогу-2018" аталышындагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.

Аталган мелдеш 14-19-май аралыгында Орусиянын Новосибирск шаарында өтөт. Анда мелдеш "Микс 4+2" эрежеси боюнча өтмөкчү, анын негизинде оюн талаасына ар бир командадан 4 эркек жана 2 кыз-келин чыгат. Жалпы эсепте бул мелдешке 8 курама команда катышат. Алар: Орусия, Казакстан, Польша, Австралия, Франция, Япония жана Кыргыз Республикасы. Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыз курамасы "А" тайпасында жайгашып, Польша, Казакстан жана Франция курамаларына туш келди.

Кыргыз Республикасынын тизмесине 9 спортчу кирди. Алардын ичинде Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Медетбек Эргеш уулу да бар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Медетбек Эргеш уулу;

Адылбек Алишер уулу;

Альберт Орозбай уулу;

Баястан Жыргалбек уулу;

Уланбек Алишеров;

Данияр Хамаридин уулу;

Алия Шумкарбекова;

Айдай Кадырова;

Мадина Мирлан кызы;

Машыктыруучу: Учкун Маралов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
haydarkan
2018-05-10 14:15:50
Ийгилик туугандарым. Женишке жеткиле. Спорт менен намысты КР эч ким талашпай эле койсун
+1
King_Messi
2018-05-10 14:42:17
Франция ото кучтуу чемпион мира
0
nursultan.mamatkalyk
2018-05-10 15:04:14
бул экинчи курамабы
0
FCB14
2018-05-10 15:08:45
nursultan.mamatkalyk,ова экинчи состав
менен эле женет экенбиз
+1
kyialreal
2018-05-11 00:13:22
Бул только,, Улар'' клубунун балдарыго. Зборный эмес булар
0
Modric10
2018-05-12 18:01:42
жердештерге ийгилик каалайм. Франция айбан эле. этият болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан