Бүгүн дүйнөгө белгилүү "Victoria's Secret" брендинин топ модели, актриса Летиция Каста 40 жашка толду.
Ал 1978-жылы 11-майда Франциянын Понт-Одеме шаарында жумушчулардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Анын Жан-Батист деген агасы жана Мари-Анж деген сиңдиси болгон.
Шоу бизнеске 15 жашынан баштап аралаша баштаган. Тактап айтканда, 1991-жылы "Madison Models" моделдик агенттиги ажарлуу кызды жумушка чакырат. Андан көп өтпөй эле Франциянын апталык "Elle" журналынын модели болуп иштеп калат. Ал эми 18 жашында "Victoria's Secret" брендинин сап башындагы моделдеринин катарынан орун алат.
Ушундан кийин Летиция Кастанын жылдызы жанып, атактуулукка жетип, анын сүрөттөрү белгилүү журналдардын башкы бетине жарыяланган. Ошондой эле бир нече жарнамалык роликтерге тартылган. Мисалы 1993-жылы "Guess" жынсы кийимдер компаниясынын жарнамалык ролигине тартылган.
Көз күйдүргөн француз модели тасмаларда роль жаратууга да чакырылган. Тагыраагы, 1999-жылы актёрлук тушоосун кесип, "Астерикс жана Абеликс падышага каршы" ("Астерикс жана Обеликс против Цезаря") тасмасында Фальбаланын образын ачып берген. Ийгиликтүү ролунан кийин "Көгүш велосипед" ("Голубой велосипед"), "Луиза Санфеличе" жана башка тасмаларда роль жараткан.
Атактуу модель жана актриса 2017-жылы франциялык актёр, сценарист Луи Гаррелге турмушка чыгат. Жан шериктер 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошкон.
Белгилей кетсек, Летиция Каста франциялык фотограф Стефано Седнуиге турмушка чыгып, андан 2001-жылы Сатин Седнуи деген кыздуу болгон. Андан кийин италиялык актёр Стефано Аккорси менен чогуу түтүн булатып, Орландо Аккорси (2006-жылы) деген уулду жана Афина Аккорси (2009-жылы) аттуу кыздуу болгон.
11-майга карата жылнаама.