Бүгүн, 10-майда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан кикбокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчу Авазбек Аманбеков чемпиондукту багындырды.
57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Авазбек Аманбеков финалдык беттеште Ирак спортчусу Жасим Алмертая менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө ал атаандашына мүмкүнчүлүк калтырбай, калыстардын бирдей чечими менен чемпиондукту камсыздады. Муну менен Авазбек Аманбеков Азия чемпиондугунун 3 жолку чемпиону аталды.
Эске салсак, Авазбек Аманбеков 2013-жылы кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип, 2017-жылы Азия чемпиондугун жана жабык имараттагы Азия оюндарын утуп алган.