Орусиялык маалымат каражаттары машыктыруучу Тутберидзенин окуучуларын мелдештерге чыгарбай коюу аракети көрүлүп жатканын жазууда

АКШнын муз үстүндө бийлөө боюнча ассоциациясынын президенти Самюэль Оксье спорттогу жашы жете элек спортчуларды мелдештерге катыштырууда чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышкан.

Маалыматка ылайык, Самюэль Оксье мындай сунушун Эл аралык коньки тебүү уюмунун жыйынында билдирген. “Көрүүчүлөргө улуулардын оюну керек, мелдешке катышкан спортчулардын жашы жок дегенде 17-18 жашта болуш керек. Коньки тебүү боюнча спорт түрүнүн учурдагы абалы атаандаштыктын өсүүсүнө жолтоо болуп, башка өлкөлөргө жайылтууга тоскоол болуп жатат, мындан улам муз үстүндө бийлөөгө болгон кызыгуу жоголот”, - деген ал.

Эске салсак, 2018-жылдагы Пйоңчаң шаарында өткөн Олимпиада оюндарында муз үстүндө бийлөө спорту боюнча орусиялык 15 жаштагы спортчу Алина Загитова алтын медаль тагынган. 2014-жылы Сочиде өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында Юлия Липницкая 15 жашында Олимпиада чемпиону болгон. Эки чемпион тең белгилүү орусиялык машыктыруучу Этери Тутберидзенин окуучулары. Мындан сырткары юниорлор арасында Дүйнө чемпиону 13 жаштагы Александра Трусова менен бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Алёна Косторная да Тутберидзенин колунда машыгып келишет. Мындан улам социалдык тармактарда Этери Тутберидзенин окуучуларын мелдештерге катыштырбай коюу аракети жүрүп жатат деген кептер айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан