Кыргыз балбан өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынды

Бүгүн, 10-майда Өзбекстандын Ташкент шаарында өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды. Анда Кыргыз балбаны Акыйкат Кулжигит уулу күмүш медаль тагынганга үлгүрдү.

Акыйкат Кулжигит уулу 45 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, жарым чейрек финалда кытайлык Байгали Байгалинин үстүнөн жеңишке жетип, чейрек финалда тайвандык Сян Лини утуп, жарым финалда казакстандык Максат Эрмановду жеңип алды. Финалдык беттеште Акыйкат Кулжигит уулуна ирандык Мухаммедреза Дебозорги туш келди. Беттештин жүрүшүндө Кыргыз балбаны 5 упай топтоп алдыга чыккан, бирок беттештин аягында Дебозорги эсепти тең кылып, акыркы ыкма жасаганы үчүн жеңишти илип кетти.

Муну менен Акыйкат Кулжигит уулу күмүш медаль тагынса, ирандык Мухаммедреза Дебозорги алтын медалдын ээси болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан