Азия чемпиону Авазбек Аманбеков: "Азия чемпиондугу Кыргыз жергесинде өтүп жатканына байланыштуу бүгүнкү ийгилигимди жалпы Кыргыз элиме арнайм

10-майда Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде кикбокс боюнча Азия чемпиондугунда Авазбек Аманбеков чемпион аталды. Беттештен соң Кыргыз мушкери SUPER.KG порталына финалдык беттеш тууралуу пикирин билдирди.

"Финалдык беттеште атаандашым Ирактан болду. Экөөбүздүн деңгээлибизди салыштырсак, мен андан бир аз эле өйдө турдум. Жаңы чыгып келе жаткан мушкер экен. Ошого байланыштуу 3 раундду тең акырындык менен иштеп, упайдын негизинде эле уттум. Буга чейин дагы бир топ эл аралык мелдештерде чыгып жүрүп, даярдык абдан жакшы болду. Мыкты даярдыктын белгиси мен атаандашымдан бир топ алдыда болдум. Жалпы Азия чемпиондугундагы каршылаштарымдын деңгээли орто деп айтса болот, тилекке каршы, бул мелдешке Кыргыз спортчуларына мыкты атаандаштык көрсөтө турган Түркмөнстан курама командасы келбей калды. Бирок ушундай болсо дагы Иран жана Ирактын мушкерлери бизге жакшы атаандаштык түзүп жатат. Азия чемпиондугу Кыргыз жергесинде өтүп жатканына байланыштуу, бүгүнкү ийгилигимди жалпы Кыргыз элиме арнайм. Бул менин жеке жеңишим эмес, жалпы Кыргыз элимдин жеңиши", - деди Аманбеков.

Эске салсак, Авазбек Аманбеков финалдык беттеште Ирак спортчусу Жасим Алмертаяны жеңип чемпиондукту камсыздады. Муну менен Авазбек Аманбеков Азия чемпиондугунун 3 жолку чемпиону аталды. Андан тышкары , Авазбек Аманбеков 2013-жылы кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип, 2017-жылы Азия чемпиондугун жана жабык имараттагы Азия оюндарын утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан