Кыргыз дзюдочу өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды

10-майда Ливандын Бейрут шаарында өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугу башталды. Анда Кыргыз спортчу Ханболот Ырысбеков коло медалга ээ болду.

Ханболот Ырысбеков 50 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Ал жарым финалда атаандашына жеңилип калганы менен коло медаль үчүн беттеште жеңүүчү аталды.

Ошондой эле аталган мелдеште дагы 3 Кыргыз спортчусу медалдар үчүн ат салышканы менен эч кандай майнап чыкпай, байгелүү орундарга илине алышкан жок.

Мелдештин жыйынтыгында 50 килограммга чейинки салмак ченинде Чыңгызхан Сагыналиев жана 60 килограммга чейинки салмак ченинде Султан Жеңишбеков 5-орунду ээлесе, 55 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Адилет Аскарбеков 7-орунга жазылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан