Бишкек шаарында 17 жаштагы бала ири өлчөмдө акча уурдаганга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургун ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдаткандыгы боюнча милицияга арызы менен кайрылган. Ал өз билдирүүсүндө 30-апрелден 1-майга караган түнү белгисиз адам үйүнө кирип iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 100 миң сом жана 500 долларын уурдап кеткендигин айткан.
"Ыкчам изилдөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш ишине шектүү катары мурда соттолгон 17 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалган.Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандын ушул сыяктуу дагы 4 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган.", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.