Нарын шаардык соту апасын сабап жүргөн 23 жаштагы Акматка (аты өзгөртүлдү) карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Аны эмнеге айыптап жатат?
Акмат 2017-жылдын 11-сентябрында, 7-ноябрында, 9-декабрында, ошондой эле акыркы жолу 2018-жылдын 31-январында 53 жаштагы апасы Батманы (аты өзгөртүлдү) сабаган деп айыпталган.
Айыпталуучу Акмат эмне дейт?
Акмат айыбы боюнча күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алып, апасынан кечирим сурап, кылган ишине өкүнүп, мындан ары апасынан бөлөк жашаарын, өзүнчө иштеп, турмушун уланта турганын, апасына барбай тургандыгын, анын тынчын албасын, мындай болуп кетет деп ойлобогонун, өкүнгөнүн айтып, соттон мыйзам чегинде жеңил жаза берүүсүн өтүнгөн.
Жабырлануучу Батма эмне дейт?
2018-жылдын 31-январында алар жашаган үйдө баласы Акмат аны эртең мененки убакыттан түшкө убакытка чейин уруп-сабаганын, бул биринчи жолу эмес экенин, мурдатан эле дайыма уруп-сабап келгенин билдирген. Уруштун баары машинанын айынан башталганын айткан. Алар мурда лотореядан автоунаа утуп алышканын, аны уулу Акмат айдап жүргөнүн, кийин кылмыш жасап, камакта отурганда автоунааны үйгө алмашканын билдирген.
Учурда ошол үйдө жашашат, ага карабай “менин машинамды сатып жибердиң, кайра ордуна коюп кой” деп уруп-сабап келген. Батма милицияга да бир нече жолу арыз жазып кайрылып, кайра эле баласына боору ооруп, тосмо арыз жазып, текшерүүлөрдү кыскарттырып келген. Уулу Акмат милицияга келгенде “эми урбайм, тилдебейм” деп сөз берип, үйгө келгенде “сен алсызсың” деп ар кандай ыплас сөздөр менен сөгүп, кайра эле тынчтык бербей уруп-сабап жүргөн. Апасы бир нече жолу денесинен жаракат алып ооруканага жатып чыкканын, акыркы жолу ушул жылдын 31-январында да Акмат аны башка-көзгө койгулап, көп жолу уруп-сабаганын, денесинен жаракат алып ооруканага жатып чыкканын, ушул баласынан көп кордук көргөнүн билдирген.
Акмат үйдө уруш чыгарып, аны уруп-сабай берерин кошуналарынан эч ким көрбөгөнүн айтышкан. Анткени Батма аларды үйүнө жардам сурап чакырганда баласынан коркуп келишчү эмес. Үйдө 6-класста окуган кызы гана окуянын баарын көрүп, анын таламын талашып, "Тез жардам" чакырып, ооруканада карап жатканын айткан. Батма азыр да баласын кечиргенин, мыйзам чегинде жеңил жазалоону сурап, көрсөтмө берген.
Натыйжада
Сот Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп таап, 5 миң сом айып салган.