Аламүдүн районундагы Кайырма айылына жакын жерден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматы SUPER.KG'ге кабарлады.
Маалыматка ылайык, жансыз дене кечээ, 10-майда саат 18:10 чамасында табылып, милиция маркумда киши колдуу болуп каза болгон белгилер бар экенин аныктаган.
Маркумдун аты-жөнүн тактаганда, ал 1986-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыкты.
"Кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 24 жаштагы жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат ОИИББинин маалыматында.