Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Эпкин айылында жол кырсыгы катталып,18 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Калыс Өмүрзаков билдирди.
"Жол кырсыгы кечээ, 10-майда саат 13:35 чамасында Кочкор-Арал унаа жолунун 40-чакырымында болгон. Анда Mitsubishi үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 33 жаштагы А.Э. уктап кетип, жолдо бараткан адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 18 жаштагы 11-класстын окуучусу Т.К. башынан оор жаракат алган. Окуя болгон жерден жабырлануучуну "Тез жардам" кызматы Кочкор райондук ооруканасына жеткирген. Ал алган жаракатынан улам ооруканада бүгүн, 11-майга караган түнү саат 3:30 чамасында каза болду", - дейт Өмүрзаков.
Аталган факты боюнча тергөө амалдары башталып, шектүүнүн унаасы айып жайга токтотулган.