Кечээ, 10-майда Лиссабондо "Евровидение" эл аралык ыр сынагынын экинчи жарым финалы орун алды. Анда эң мыкты делген 10 өлкөнүн ырчылары финалга жолдомо алып, калган катышуучулар сынактан четтетилди. Алардын арасында орусиялык ырчы Юлия Самойлова да бар.
Калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн добушу менен Сербия, Молдавия, Венгрия, Украина, Швеция, Австралия, Норвегия, Дания, Словения жана Нидерланды өлкөлөрүнүн атынан катышкан катышуучулар финалга өтүп, Румыния, Сан-Марино, Грузия, Польша, Мальта, Латвия, Черногория жана Орусиянын атынан катышкан ырчылар финалга өтүүгө жетиштүү балл топтой албай калышкан.
Белгилей кетсек, сынактын жыйынтыгы 12-майда чыгат. Өткөн жылы бул сынакта тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган португалиялык ырчы Сальвадор Собрал жеңүүчү аталган.