Бүгүн Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, куудул жана сатирик Рахман Разыков 63 жашка толду. Куудулду куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты.
Куудул, сатирик Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн.
"Үйдөгүлөр атымды Жамгырчы коёбуз дешкенде, азан чакырганы келген молдоке Рахманжан деген ысым ыйгарыптыр. Өңүм капкара болгонунан мени Кара баатыр деп коюшчу", - деген маектеринин биринде.
Кичинекей кезинде 3 мектеп которгон. 10-классына чейин аккордеондо ойноону үйрөнгөн. Студент кезинде бул өнөрү менен жетекчиликке чейин көтөрүлүп, "Таң жылдызы" деген топту негиздеген. Кийин “Бешилик”, “Беш кемпир" топторун түзгөн.
1987-жылы Рахман Разыков жубайы Диля менен баш кошуп, Чолпон деген кыздуу жана Дастан деген уулдуу болушкан. Куудулдун мурдагы никесинен 3 баласы бар.
Рахман Разыков куудулдук өнөрүнөн сырткары көптөгөн тасмаларга тартылган. Ал "Түндүктүк келин" тасмасында айыл башчынын образын мыкты ачып бере алган.
Куудулду куттуктоо үчүн байланышка чыкканыбызда ыраазычылык айтып: "Жубайым менен саамал ичип тоодо эс алып жүргөнүмө 4 күндөй болду. Бул жакта интернет жок байланыш да начар болгондуктан эч ким менен сүйлөшө элекмин. Туулган күнүм жакшы маанайда өтүп жатат", - деп билдирди куудул.
12-майдын жылнаамасы.