ЖЫЛНААМА, 12-МАЙ: Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйүү мамилесинде делген гимнаст Алина Кабаева 35 жашка чыкты

Белгилүү орусиялык спортчу, гимнаст, Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери Алина Кабаева Өзбекстандын Ташкент шаарында 1983-жылы 12-майда жарык дүйнөгө келген.

Кичине кезинен тарта гимнастикага кызыккан Кабаева 3 жашынан тартып апасынын каалоосу менен атайын ийримдерге бара баштайт. Убакыт өтүп 11 жашка чыкканда болочоктогу чемпион гимнастика менен профессионалдуу түрдө машыгууну каалап үй-бүлөсү менен Москвага көчүп келет. Ошентип ал 1995-жылдан тартып белгилүү машыктыруучу Ирина Винердин тобунда машыга баштайт. 1996-жылдан тартып Орусиянын улуттук курама командасына мүчө болуп кирет.

Спорттук карьерасы

Орусиянын атынан ар кандай мелдештерге катыша баштаганына 2 жыл болгон учурда 1998-жылы ал Европанын чемпиондугунда алтын медаль тагынган, кийин ал бул ийгилигин 4 жолу кайталай алган. Ал эми 1999-жылы Дүйнө чемпиону аталган. "Сидней-2000" Олимпиадасында коло жана "Афины-2004" Олимпиадасында алтын медалдын ээси, 2 жолку Дүйнө, Европа чемпиондугунун 5 жолку абсолюттук чемпиону аталган Алина Кабаева өзүнүн спорттук карьерасын 2007-жылы жыйынтыктаган.

Чоң спорттон саясатка

Спорттон кеткен соң чемпион кыз өзүн ар тараптан сынап, саясатка кызуу киришет. 2007-жылы 24 жашында "Единая Россия" партиясынын атынан Думанын V чакырылышындагы депутаты болуп шайланат. Жалпысынан Думадагы 7 жылдык ишинде 3 жолу чоң жыйында сөз сүйлөгөн жана 5 мыйзам долбоорунун иштелип чыгуусуна салым кошкон. Анда Алина "чырлуу мыйзам" аталган Дима Яковлев мыйзамын (орус ымыркайларын АКШ жарандары асырап алууга тыюу салган мыйзам) жайылтууга көмөктөшкөнү менен эсте калган.

Жетекчилик кызмат

Кабаева 2014-жылдын 15-сентябрында өз мандатын тапшырып, "Улуттук Медиа Группанын" директорлор кеңешинин башкаруучусу болгон. "Улуттук Медиа Группа" Орусиянын жеке менчик макамында турган эң ири медиа холдинг болуп саналат. Ал "Рен-Тв", "5-канал", "Первый канал" телеканалдарынын активдерине ээлик кылат. Ошондой эле "Известия", "Жизнь" гезиттери, LifeNews телеканалы жана "Русская служба новостей" радиостанциясына да кожоюн. Медиа холдингдин ээлеринин бири Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын санаалаштарына кирген Юрий Ковальчук болуп эсептелет.
Жеке жашоосу
Кабаеванын жеке жашоосу көптөгөн орусиялык басылмалардын биринчи бетинен түшпөйт. Орусиянын президенти Владимир Путин аялы менен ажырашкан соң аны Кабаевага үйлөнөт деген ушак кептер тараган. Бирок бул кептерди эки тарап тең четке каккан. Ал эми 2015-жылдын март айында Кабаева Швейцарияда белгилүү VIP клиникада көз жаргандыгы тууралуу маалымат тараган. Бул жаңылыкты Кабаева тастыктаган да, төгүндөгөн да эмес.
12-майдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ilgiz-kg01
2018-05-12 04:13:17
Питинден эгиз төрөгөнго
0
Pamirlan
2018-05-12 11:08:14
Жаман сулууго, Путинге пара эле экен. 30жаш айырма экен бирок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан