ЖЫЛНААМА, 13-МАЙ: Чөнтөгүнө дайыма момпосуй же шоколад салып жүргөн "Күүгүм" тасмасынын жылдызы Роберт Паттинсон 32 жашка толду

Бүгүн "Күүгүм" тасмасынын башкы жылдызы, англиялык актёр, модель жана музыкант Роберт Паттинсон 32 жашка толду.

Роберт Паттинсон 1986-жылы 13-майда Англиянын Лондон шаарында төрөлгөн. Ал 12 жашка толгондо апасы уулунун актёрлукка шыгы бар экенин байкап, тааныштары аркылуу театрга киргизген. Паттинсон 18 жашында бир нече кастингге катышып, акыры “Нибелунгдардын шакеги” ("Кольцо Нибелунгов") аттуу тасмага тартылууга мүмкүнчүлүк алат. Аталган тасмага тартылгандан бир жыл өткөн соң “Гарри Поттер жана оттун кубогу” ("Гарри Поттер и Кубок огня") тасмасына тартылууга сунуш алган.

Кийин “Күүгүм” ("Сумерки") тасмасында вампирдин ролун жеткиликтүү аткарып, болуп көрбөгөндөй атак-даңкка жете алган.

Ийгиликтүү ролунан кийин "Космополис", "Жакшы мезгил" ("Хорошее время") жана башка тасмаларда роль жараткан.

2008-жылы актёр "Күүгүм " тасмасына тартылуу учурунда актриса Кристен Стюарт менен таанышып калат. Бирок алар мамилесин 4 жыл жашырып жүрүшкөн. Кыз-жигиттер эки башка жолго түшкөндөн кийин алардын ортосундагы мамиле ачыкка чыккан. 2014-жылы Роберт Паттинсон Талия Дебретт Барнетт деген ырчы (FKA twigs деген каймана ат менен таанымал) менен мамиле курат. 2017-жылы түгөйлөрдүн кыз-жигит мамилесине чекит коюлган.

* "Кинокарьераңдагы эң жагымсыз учур кайсы болду?" деген суроого ал "чымыр денелүү, келишимдүү, жылаңач Тейлор Лотнердин (Жейкоб) жанында жылаңач тартылган кез. Бул мен үчүн тозоктун өзү болгон”, деген маектеринин биринде.

* Анын Виктория жана Лиззи аттуу эжелери бар. Виктория жарнама менен алектенсе, Лиззи - ырчы. Эжеси Лиззи ал 12 жашка чыкканга чейин өзүнүн көйнөктөрүн кийгизип, баарына Клаудия деп тааныштырып, инисин эл алдында аябай кемсинтчү.

* Аны 12 жашында мектептен айдашкан. Себебин бүгүнкү күнгө чейин айткысы келбейт.

* Роберт таттууну аябай жакшы көрөт. Анын чөнтөгүнөн дайыма шоколад же момпосуй табууга болот.

* "South China Morning Post Magazine" моделдик агенттигинде модель болуп иштеген.

* "Күүгүмдүн" саундтреги болгон – “Мага белги берчи” (“Let me sign”) ырынын автору жана аткаруучусу.

* Электрогитараларды коллекциялайт.

13-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан