Бишкек шаарындагы Эмен паркына унаасын токтотуп, жөө адамдар баскан жолдо унаа айдаган адам кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 11-майда орун алып, анда жаран Эмен паркында күмүш түстөгү Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын парктын ичинде айдап, аны туура эмес жайга токтотуп койгон. Унаа 57 жаштагы Секимов Б.Ш.га таандык болгон. Аталган жаранга 235-берененин 3-бөлүгү менен административдик протокол толтурулган.