Бул күнү акылдуу, баарына бирдей мамиле кылган калыс букачарлар төрөлүшөт. Көздөгөн максатына жеткенди, кимден эмнени каалап жатканын билишет. Түгөнгүс энергияга жана күчтүү эркке ээ адамдар.
Сөзмөр жана ачык болушат. Бирок бул сапаттардын артында купуя каалоо бар, ал амбиция, акча жана бийликке жетүү. Табиятта эс алуудан бат калыбына келишет. Адамдар менен баарлашып, пикир алмашуу аларга мыкты дары боло алат. Коллектив ичинде оңой жана жеңил эле сүйүктүү кесиптешке айлана алышат. Тегерегиндегилерге абдан чоң таасир, мотивация бере алышат. Кемчилиги акча кармаганды билишпейт. Ысырапкорчулуктун айынан карызга батып калуусу да ыктымал. Бир ордунда турбайт. Эгер көпкө туруп калса “мени эч ким жакшы көрбөйт, баары көңүл бурбай жатат” деп депрессияга кабылышы мүмкүн.