Бүгүн "Кан соргучтун күндөлүктөрү" тасмасы аркылуу атактуулукка жеткен америкалык актриса жана ырчы Кэндис Аккола 31 жашка толду.
Ал 1987-жылы 13-майда АКШнын Флорида штатындагы Эджвуд шаарында төрөлгөн. Төрөлгөндө коюлган аты-жөнү Кэндис Рене Кинг. Атасы Кевин Аккола - кесиби боюнча хирург. Ал эми апасы Кэролин Аккола инженер-эколог болуп иштеген. Кэндис Акколанын Кри аттуу бакма иниси бар.
Болочоктогу актриса башында музыкага аябай кызыгып, вокал боюнча сабак алган. 2005-жылы орто мектепти аяктап, 1 жылдан кийин "Это всегда невинные" деген музыкалык альбомун чыгарган.
2007-жылы "Пираттык лагерь" ("Пиратский лагерь") тасмасына, андан соң "Университет", "Жуно" тасмаларына тартылып, режиссёрлордун көзүнө түшөт.
2009-жылы "Кан соргучтун күндөлүктөрү" тасмасында кан соргуч Кэролайн Форбстун ролун жаратып, карьерасындагы атактуулукка жеткен.
Кэндис Кинг 2009-жылы актрисалар Кайла Юэлл, Сара Каннинг, Жулия Смарт жана фотограф Тайлер Шилдс менен коомдук тартипти бузгандыгы үчүн камакка алынган. Көп узабай алар бошотулган.
2014-жылы музыкант Жо Кингге турмушка чыгып, жан шериктер 1 жылдан кийин Флоренс Мэй Кинг аттуу кыздуу болушкан.
13-майга карата жылнаама.