Белгилүү футболчу Криштиану Роналду кыз-келиндердин футболдук командасы тууралуу тартыла турган сериалга аткаруучу продюсер болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, мындай сериалды тартууга "Facebook" компаниясы бел байлаган. Ал үчүн Роналдуга продюсерлик милдетти аткаруу үчүн сунуш киргизип, жыйынтыгында футболчу өз макулдугун берген.
"Мен бош убактымда сыналгыдан жакшы берүүлөрдү көргөндү жактырам. Бул шоудо аткаруучу продюсер катары иш алып баруу мен үчүн укмуштуудай тажрыйба болот. Сериал кооз оюнду эмес, футболдун ичиндеги эл билбеген жашоону чагылдырат", - деген Роналду.