Бүгүн, 11-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовду суракка чакырды. Сурак берип чыккан Кулматов Бишкек ЖЭБин жаӊылоо алкагында кытайлык ТВЕА компаниясы берген гранттык каражатка курулган мектеп боюнча суроолор берилгенин айтты. Кулматов 2014-2016-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген.
2015-жылы ТВЕА Калыс-Ордо конушуна жаӊы мектеп курууга гранттык негизде 2 миллион доллар берген. Иш аткаруучуну ТВЕА өзү тандап, 2015-жылы "Альто групп" компаниясы мектепти куруп баштаган. Бирок "Альто групп" өзү убада кылган 4 айда мектепти куруп бүтпөгөндүктөн ТВЕА аны менен келишимди бузган. Жаӊы келишим түзүлүп, ишти "Главстрой" компаниясы колго алат. Бул компания да иштин аягына чыкпай, мектепти 2017-жылы "Айкөл строй" компаниясы куруп бүтүрдү. Алгачкы 2 компания теӊ акча кайда, кантип жумшалганы боюнча отчёт берген эмес. Тагыраагы, 1 миллион 241 миӊ доллардын кандай жумшалганы азыр дагы бүдөмүк.
"Айкөл стройго" мектепти куруу сунушталган кезде 2 миллион доллардын 759 миӊ доллары гана калган. Бул компания мектепти бүтүрүү үчүн кошумча акча сурап, Бишкек мэриясы шаардык казынадан 104 миллион сом (1 миллион 507 миӊ доллардын тегереги) берген. Бул акчанын 91 миллиону бөлүнгөн кезде, 2017-жылы сентябрда Башкы прокуратура мэриянын жооптуу адамдарына Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренеси (өлкө кызыкчылыгына каршы келишим түзүү) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш ишин ачкан. Себебин "Айкөл Строй" компаниясы ишти ТВЕА берген 759 миӊ долларга бүтүрүшү керек эле, бирок бул компанияга кошумча 91 миллион сом бюджеттен мыйзамсыз которулган" деп түшүндүрүшкөн. Бишкекти 2014-2016-жылдары жетектеген Кулматовго УКМКнын "кызыгып" калганы ушундан улам.
Калыс-Ордодогу мектептин курулушуна акча кандай жумшалганын аныктоого Бишкек ЖЭБин жаңылоо ишин иликтеген депутаттык комиссиянын да тиши өткөн жок. Себеп - келишим ТВЕАнын пайдасына түзүлүп, Кыргыз тарапка текшерүү, эсеп-кысап жүргүзүү укугу берилбей калганы.
Кечээ, 10-майда депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы талкууланды. Анда комиссия 2013-жылы келишим түзүүгө, бул окуя боюнча тийиштүү документтерге кол койгон 30га жакын чиновниктин атын атап, алардын ишине укуктук баа берүүнү УКМК, Башкы прокуратура жана Эсептөө палатасына сунуштады. Комиссиянын иш жыйынтыгын талкуулоо эмки аптада уланат. Көрүнүп тургандай, 2013-жылы Кыргыз тараптын кызыкчылыгына дал келбеген келишимдер түзүлүп калганы үчүн ЖЭБге жумшалган 386 миллион доллар түгүл, 1 мектепке жумшалган 2 миллион доллардын эсебин суроого Кыргыз бийлигинин алы жетпей жатат...
КСДП мурдагы премьер Сапар Исаковдун билдирүүсүн жарыялады. Билдирүүдө Исаков Бишкек ЖЭБиндеги кышкы аварияны жана ЖЭБди жаӊылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия туура эмес багытта баратканын айтат. Балким атайылап депутаттык комиссиянын багытын башка нукка буруу жүрүп жатат деп ой толгойт, экс-премьер. ЖЭБдеги кырсыктан кийин мурдагы өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду коргоп, айтылган сын-пикирдин баарын өзүнө алганын, бирок бул кадамын айрымдар алсыздык катары кабыл алышканын белгилейт.
26-январдагы ЖЭБдеги авария боюнча өлкөнү кыш мезгилине даярдоого жооптуу бардык деӊгээлдеги жетекчилер: ЖЭБдин ал кездеги жетекчиси Нурлан Өмүркул уулунан тартып, ал кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков да, өзү да жооп бериши керектигин айтат. Жээнбеков өкмөт башында турганда ЖЭБди оӊдоого миллиондор бөлүнүп, бирок эски жабдуулар оӊдолбой калганын, бул жагдайды депутаттык комиссия аттап өтүп кеткенин белгилейт. Кыш чилдеде ЖЭБде орун алган аварияга Жээнбековдун өкмөтү жоопкер деген сөздү КСДПнын курултайы өткөн күнү экс-президент Алмазбек Атамбаев да айткан. Экс-президент Сапар Исаков өкмөт башына 28-августта, кышка даярдык иштери бүтүп калганда барганын, 2017-2018-жылкы кыш мезгилине даярдыкты Жээнбековдун өкмөтү жүргүзгөнүн, 2016-жылы да Жээнбеков өкмөт башында турганда ЖЭБди оӊдоо боюнча тендерлер өткөнүн баса белгилеген. Буга жооп кылып президенттик аппарат Сооронбай Жээнбеков ЖЭБ окуясы боюнча тергөөнүн жыйынтыгынан кийин расмий билдирүү жасай турганын маалымдаган.
Сооронбай Жээнбеков өкмөттү 2016-жылдын 13-апрелинен 2017-жылдын 21-августуна чейин жетектеп турган. Буга чейин УКМК "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери жасалма келишимдерди түзүү жолу менен компанияларга "ЖЭБде оӊдоо иштерин жүргүзөт" деп акча которгонун, бирок ЖЭБ оңдоп-түзөө жумуштарын өз күчү менен жүргүзгөнү аныкталганын билдирген. Акча 2017-2018-жылдардагы кыш мезгилине даярдык көрүүгө бөлүнгөн. Бул сезонго даярдык көрүү иштери Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү тушунда жасалган. ЖЭБди жаӊылоо ишин иликтеген депкомиссиянын корутундусу каралып жатканда депутат Алтынбек Сулайманов экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевди депутаттарга акыл үйрөтпөөгө чакырды. "Кышындагы авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө чыкты деп жатасыз. Жаӊылоого алынган акча ортодо уурдалып, жаӊылоого жетпей калса авария чыгат да", - деди Сулайманов.
Бүгүн Сапар Исаков ЖЭБди жаңылоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар алууга келишим түзүү боюнча ЖЭБдин мурдагы башчыларынан тартып, "Улуттук энергетикалык холдингдин" жетекчилери, министр, премьер-министр, ошол убактагы спикер, Жогорку Кеңештин комитет төрагалары жооп бериши керектигин айтты. Тактап айтканда, Исаков ЖЭБди жаӊылоодогу күмөндүү иштер боюнча Андрей Воропаев, Айбек Калиевден баштап, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков, экс-спикер Асылбек Жээнбеков жооп бериши керектигин айтып жатат. Талаштан тактык жаралышы Кыргыз мамлекетин коррупция баткагынан сууруп чыгууга үмүт берет. Канчалык ушул окуяны коомчулук, эл өкүлдөрү, чиновниктер терең казышса, иликтеп аныгына жетсе өлкөнүн жаркын келечегине жол салынган болмок. Ушунча талкуу, иликтөөлөрдөн соӊ ЖЭБди Кытай кредитине жаӊылоодогу кетирилген кемчиликтер, уурдоолор жана ага жооптуулар такталбай ара жолдо калса, Жогорку Кеӊештин жалындуу жыйындары текке кетип, эл дагы деле таз кейпи менен кала берет...
Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга жаӊылоодогу шектүү жагдайлардын ачыкка чыгышы менен өлкөдө кредиттин эсебинен ишке ашырылып жаткан башка ири долбоорлорду текшерүү талаптары айтыла баштады. Парламент депутаты Кожобек Рыспаев "Датка-Кемин" жогорку чыӊалуудагы электр линиясын куруу ишинде акча кандай жумшалганын текшерүү зарыл дейт.
Маалыматка таянсак, Кыргыз өлкөсү акыркы 27 жылда энергетика тармагына 1 миллиард 600 миллион доллар карыз алган. Мисалы, Датка-Кемин электр чубалгысы. Бул линияны 2011-2015-жылдары Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга жаңылаган ошол эле Кытайдын ТВЕА компаниясы курган. Долбоордун жалпы баасы 389 миллион долларды түзүп, бул акчаны Кыргыз өкмөтү Кытайдын ошол эле “Экспорт-импорттук банкынан” карызга алган. Долбоордун алкагында "Датка" жана "Кемин" көмөк чордондору да курулган. Кытайдын аталган банкы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушун да каржылап жатат. Бул трассаны куруу 2013-жылы башталып, долбоор 850 миллион долларга бааланды. Узундугу 410 чакырымды түзгөн жол 3 фаза менен курулуп жатат, 1-2-фазасына Кытайдан 697 миллион доллар алынууда. Мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкынан 95 миллион доллар (36 миллион доллары грант катары), Сауд өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар, Ислам өнүктүрүү банкынан 12 миллион доллар кредит алынат. 2017-жылкы расмий маалымат боюнча, жолдун 344 чакырымын курууга акча бар. Бирок жол пландагыдай 2018-жылы эмес, 2021-жылы бүтүп, 2022-жылы ишке киргизилери айтылып жатат.
Парламент депутаты Каныбек Иманалиев Жогорку Кеӊештин кароосуна сунушталган эл аралык келишимдерди парламент өзгөртө албай турганын, аны колдоого же четке кагууга аргасыз экенин, андыктан келишим нөлдөн башталганда өкмөттө эл аралык келишимдерди даярдоо үчүн дасыккан адистерден турган атайын жумушчу топ түзүлүшү керектигин айтат. Парламентте азыр ушундай ойду айткан депутаттар көп, алардын бир тобу 2013-жылы Бишкек ЖЭБин жаӊылоо боюнча Кыргыз тараптын кызыкчылыгына дал келбеген келишимди кош колдоп колдоп бергендер. Коомчулук ири долбоорлор үчүн карызга алынган ар бир тыйындын эсебин табууну талап кылууда. ЖЭБди жаӊылоо ишинен кийин кезек "Датка-Кемин" линиясы, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна жете тургансыйт...