Кикбокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз курама командасы медалдык эсепте 2-орунду ээледи

Бүгүн, 11-майда Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде кикбокс боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталды.

Анда Кыргыз курама командасы жалпы медалдык эсепте 2-орунду ээледи. Кыргыз спортчулар кикбокстун 6 түрүндө кыргыз капчыгына 24 алтын, 16 күмүш, 18 коло медаль алып келди. Ал эми жалпы медалдык эсепте 1-орунду Иран курама командасы утуп алды, алардын капчыгында 26 алтын, 23 күмүш жана 10 коло медаль толду. 3-орунду Тажикстандын спортчулары ээлеп, 14 алтын, 6 күмүш жана 4 коло медаль тагынышты.

Ошондой эле 4-орунда Бириккен Араб Эмираттарынын спортчулары жайгашты, алардын капчыгында 4 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль болсо, 5-орунду ээлеген Ирак курама командасынын капчыгында 2 алтын 13 күмүш жана 7 коло медаль болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
medya123
2018-05-12 00:00:43
Азияга коншу казак,озбектер келген эмесго???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан