Бүгүн, 11-майда кикбокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчу Рустам Ибрагимов чемпиондук курга ээ болду.
Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде орун алган Азия чемпиондугунда 60 килограммга чейинки салмак ченинде чемпиондук кур ойнотулду. Анда аталган кур үчүн Кыргыз кикбоксчу Рустам Ибрагимов менен ирактын спортчусу Хусейин Алсаад беттешти. Беттештин башталышында эле, Ибрагимов атаандашына бир нече таамай сокку узатып, нокдаунга учуратканга үлгүрдү. 2-раундда Рустам Ибрагимов Алсаадды 3 жолу нокдаунга кетирип, айласын кетирди. Натыйжада ирактык мушкер беттешти улантуудан баш тартып чемпиондук курдан кур калды. Муну менен Кыргыз кикбоксчу Рустам Ибрагимов чемпиондук курдун ээси болду.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз мушкер Юлия Борисова дагы чемпиондук курду багындырган.