Кыргыз балбаны өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медалды тагынды

11-майда Өзбекстандын Ташкент шаарында өспүрүмдөр арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун 2-мелдеш күнү орун алды. Анда Кыргыз балбаны Бакдаулет Эгембердиев күмүш медалдын ээси болду.

65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Бакдаулет Эгембердиев алгачкы беттеште кореялык балбанды 9:2 эсебинде утуп, жарым финалда индиялык Викас Викастын үстүнөн 11:2 эсебинде жеңишке жетти. Финалдык беттеште Эгембердиев казакстандык Абдиазим Карабаев менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө казакстандык балбан 4 упайга ээ болуп, ал эми Эгембердиев упай алганга үлгүрбөй, жеңиш казакстандык балбанга буюрду. Муну менен Бакдаулет Эгембердиев күмүш медалды тагынса, алтын медалга казакстандык балбан ээ болду.

Эске салсак, 10-майда Акыйкат Кулжигит уулу финалдык беттеште жеңилүү ызасын тартып, күмүш медалды тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан