Дзюдо боюнча Европа Кубогу: Кыргыз спортчулардын атаандаштары аныкталды

Бүгүн, 12-майда Орусиянын Оренбург шаарында дзюдо боюнча Европа кубогу старт алат. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 9 спортчу катышууда. Азыркы тапта алардын атаандаштары аныкталды.

Мелдеш 12-13-май аралыгында өтүп, ага 16 өлкөдөн 312 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Кыргыз өлкөсүнөн 5 эркек жана 4 кыз-келин катышат. Алардын арасында өлкө чемпиондору Бекбоо Апышов, Назима Амантурова жана Ксения Бельдягина бар.

Кыргыз дзюдочулардын атаандаштары:

Эркектер арасында:

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

Бекбоо Апышов - Адам Исаев (Орусия)

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

Алмаз Алтынбек уулу - Адил Османов (Македония);

Айдин Мухтаров - Никита Алексенко (Орусия);

Алибек Чороев - Мирзоюсуф Гафуров (Орусия);

90 килограммга чейинки салмак ченинде:

Шахриёр Идрисов - Алихан Цечоев (Орусия);

Кыз-келиндер арасында:

52 килограммга чейинки салмак ченинде:

Назима Амантурова - Александра Минаева (Орусия)

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

Ксения Бельдягина - Кристина Шилова (Орусия);

63 килограммга чейинки салмак ченинде:

Зирегүл Кадырова - Светлана Райкова (Орусия);

70 килограммга чейинки салмак ченинде:

Айжан Кадырбекова - Регина Артсыбашева (Орусия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Komrad
2018-05-12 11:49:39
Супер инфо, кечээки алматыдагы эрежесиз эр уруш тууралуу жазып коесуздарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан