Чолпон-Ата шаарында "Run the Silk Road" VII эл аралык марафону старт алды

Бүгүн, 12-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Run the Silk Road" 7-эл аралык марафону старт алды.

Аталган мелдеш жөө күлүк, СССР спортунун эл аралык класстагы чебери Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган. Жалпы эсепте 20 өлкөдөн 2 миң 300гө жакын спортчу катышып, 42 чакырым 195 метр аралыкка, 21 чакырым 97 метр аралыкка, 10 чакырым жана 3 чакырым аралыкка чуркап, күчүн сынашууда.

Айта кетсек, марафонго байланыштуу саат 9:00дөн 16:00гө чейин Бактуу-Долоноту айылынан Корумду айылына чейинки жол убактылуу жабык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан