Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында 2 окуучу сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу 12-майда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"11-май күнү саат 17:30 чамасында Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына билдирүү келип түшкөн. Анда Кош-Дөбө айылында жайгашкан "Жашыл-Талаа" насостук станциясындагы суу сактагычка жергиликтүү мектептин 10-классынын К.Н. жана Т.Д. аттуу окуучулары чөгүп кеткендиги айтылган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып "сууга түшкөнгө болбойт" деген эскертүүгө карабастан сууга түшүп жаткан мектеп окуучулары чөгүп, каза болгондугун аныкташкан", - дейт басма сөз кызматы.
Ошондой эле маркумдардын денеси табылып, жакындарына өткөрүлүп берилгендигин жана алардын ата-энелери денелерди экспертизага берүүдөн баш тарткандыгын басма сөз кызматы кошумчалады.