Чүй облусунда 2018-жылдын башынан бери 588 уурулук фактысы катталды

Чүй облусунун аймагында 2018-жылдын биринчи бөлүгүндө 588 уурулук фактысы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын биринчи бөлүгүндө катталган 588 уурулук, өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 213 кылмышка аз. Ошондой эле Чүй облусунун аймагында турак жайларга болгон уурулук боюнча 203 кылмыш иши катталган, бул 2017-жылга салыштырмалуу 86га аз экени айтылат.

Мындан сырткары, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы мүлккө байланышкан кылмыштардын алдын алуу боюнча чараларды көрүп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан