Сезим Жуманазарова күрөш боюнча Азия чемпиондугунда коло байгенин ээси болду

Бүгүн, 12-майда Өзбекстандын Ташкент шаарында өспүрүмдөр арасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбан Сезим Жуманазарова коло медалга ээ болду.

57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Жуманазарова алгачкы эле беттешинде индиялык Манси Мансиден жеңилип калган. Бирок индиялык балбан финалга аттанганы үчүн Сезим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло байге үчүн беттеште Кыргыз балбаны Апиния Тангфонкранг менен кездешти. 4 мүнөттүк беттештин жыйынтыгында Сезим Жуманазарова 10:5 эсеби менен атаандашын утуп, коло байгени тагынды.

Андан тышкары аталган мелдеште Кыргыз балбандары Бермет Нурдин кызы, Калмира Билимбек кызы, Бурулсун Бекболотова жана Элнура Казиева коло медалдар үчүн беттеште жеңилүү ызасын тартып, 5-орундарга татышты.

Эске салсак, грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз балбандары Акыйкат Кулжигит уулу жана Бакдаулет Эгембердиев күмүш медалдарды тагынса, Эмилбек Садыров коло медалды жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан