Кыргыз дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда алтын медалды багындырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын вице-президенти Абай Молдоканов билдирди.
Аталган мелдеш Ливандын Бейрут шаарында өтүп, 12-май күнү старт алды. Кубанычбек Айбек уулу 55 килограмм салмак ченинде финалдык беттеште атаандашын жеңип, чемпиондукту камсыздай алды.
Ошондой эле Молдокановдун айтуусу боюнча, кыз-келиндер арасындагы мелдеште Кыргыз дзюдочусу Бегай Бейшеналы кызы коло медаль тагынган.
Эске салсак, Кубанычбек Айбек уулу 2017-жылы Бишкек шаарында өткөн Азия чемпиондугунда коло медалдын ээси болгон.