Антуан Гризман "Барселонага" өтүү үчүн "Реал Мадрид", "Манчестер Юнайтед" жана "ПСЖ" клубдарынын сунушунан баш тартты. Бул тууралуу испаниялык Mundo Deportivo басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Гризман учурдагы клубу "Атлетиконун" жаңы сунуштаган келишиминен да баш тарткан. "Барселона" футболдук клубу франциялык оюнчуну 1-июлдан кийин катарына кошору айтылат.
Гризман "Атлетикого" 2014-жылы "Реал Сосьедад" клубунан келген. Быйылкы сезондо футболчу испаниялык клуб үчүн 47 оюнда 27 гол киргизген.