Бүгүн, 13-майга караган түнү саат 01:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Турусбеков жана Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Метро паб" эс алуучу жайында коргонуу үчүн колдонулган газ баллон чачылды.
Окуянын күбөсү Рамис Шерматовдун билдирүүсүнө ылайык, ал биринчилерден болуп өзүн жаман сезип баштаган.
"Түндө досторубуз менен эс алып жатканбыз. Бир маалда тамагым ачышып өзүмдү жаман сезип баштадым. Мен дароо бирөө газ баллонун чачып жибергенин түшүнүп, залдын ичиндегилерге "эшикке чыккыла" деп кыйкырдым. 5 мүнөткө жетпей элдин баары эшикке чыкты. Өздөрүн жаман сезип жаткан адамдарды көрүп 2 бригада "Тез жардам" кызматын чакырдым. Алар келип көрүп, жабыркагандар жок экен деп кетип калышты. Бирок өзүн жаман сезип, башы айланып, тамагы ачышып, кусуп жаткан адамдар бар болчу", - дейт Шерматов.