Индонезиянын Ява аралындагы чиркөөлөрдөгү жардыруудан 9 адам каза болуп, 40 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сурабая шаарындагы үч чиркөөдө бүгүн, 13-майда эртең менен жардыруу болгон. Полиция кызматкерлери окуя болгон жерлерде тергөө иштерин жүргүзүү үчүн толугу менен курчоого алган.
Буга чейин Индонезиянын Сурабая шаарындагы ыйык Мария, протестанттык Жалан Дипонегоро жана "элүүнчүлөр" чиркөөлөрүндө жардыруудан 13 киши жаракат алып, бир адам каза болгону айтылган.