Индонезиядагы үч чиркөөнү бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү жардырган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, үй-бүлө мүчөлөрү Жемаа Аншарут Даула (JAD) террордук тобуна мүчө болушкан. JAD'дын Ислам мамлекети террордук тобу менен байланышы бар экени аныкталган. Ал эми каза болгондордун саны 13 адамга жеткени айтылат.
"Үй-бүлөнүн атасы чиркөөлөрдүн биринин аймагына жардыруучу заттар жайгаштырылган машина менен кирген. 16 жана 18 жаштагы эки баласы мотоцикл менен жардырышкан. Ал эми апасы менен 9 жана 12 жаштагы эки кызы үчүнчү чиркөөнүн аймагына барышкан. Алар жакында эле Индонезияга Сириядан кайтып келишкен", - деп билдирген аталган өлкөнүн полициясынын жетекчиси Тито Карнавиана.
Ал эми Индонезиянын президенти Жоко Видодо жан кечтилердин аракетин "жырткычтык, коркоктук" деп атаган.
Биринчи жардыруу кечээ, 13-майда Сурабая шаарындагы ыйык Мария чиркөөсүндө жергиликтүү саат менен 07:00дө болгон. Кийинки эки жардыруу 5 мүнөт аралык менен орун алган.
Айта кетсек, кечээ, 13-майда Индонезиянын Сурабая шаарындагы ыйык Мария, протестанттык Жалан Дипонегоро жана "элүүнчүлөр" чиркөөлөрүндө жардыруудан 9 адам каза болуп, кырк киши жаракат алган.